Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Львов шаарынан 35 кыргыз жараны Польшага эвакуацияланды


Польшага кетчү поезддин алдында турган украиналыктар. Сүрөт Львовдо тартылган. Кабарга тиешеси жок, иллюстрация үчүн колдонулду.
Польшага кетчү поезддин алдында турган украиналыктар. Сүрөт Львовдо тартылган. Кабарга тиешеси жок, иллюстрация үчүн колдонулду.

Украинанын Львов шаарынан Кыргызстандын 35 жараны, арасында 13 бала Польшага эвакуацияланды. Алар атайын уюштурулган автобуста Украинадагы кыргыз элчилигинин кызматкерлеринин коштоосунда 5-март күнү түштөн кийин жөнөп кетишти.

Буга чейин ондогон кыргызстандыктар Киевден Венгрияга эвакуация болгон.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идирис Кадыркулов бул өлкөдөгү кыргыз жарандарына кайрылып, +380997573413 (элчи) жана +380507763494 (кеңешчи) номурлары аркылуу байланышка чыгууга чакырууда.

Кыргызстандыктар Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуация болуп жатат. Алардын алгачкы бөлүгү 5-6-мартта Бишкекке учуп келери кабарланган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага басып киргенден бери өлкөнүн бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Жүздөгөн адамдар курман болду.

Бул арада 1 млн. 200 миңден ашуун адам Украинадан сыртка чыгып кеткенин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча агенттиги кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG