Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Улан-Батор-Бишкек жана Ош-Жидда авиакаттамдары ишке кирди


Улан-Батор-Бишкек каттамындагы учакты тосуп алуу. 6-март, Бишкек.
Улан-Батор-Бишкек каттамындагы учакты тосуп алуу. 6-март, Бишкек.

"Манас" эл аралык аэропортуна Монголиядан алгачкы каттам конду.

6-март күнү "Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор" багытындагы үзгүлтүксүз каттам ишке киргенин аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады. Биринчи каттам менен 95 жүргүнчү келип, 66 адам учуп кетти. Эми ар жекшембиде каттамды Монголиянын "Хунну эйр" компаниясы аткарат.

Ошондой эле 6-мартта Ош шаарынан Сауд Арабиянын Жидда шаарына биринчи каттам уюштурулду. Анда 138 жүргүнчү учуп кетти.

Ош-Жидда-Ош багытындагы учууларды жекшемби сайын Кыргызстандын "Эйр Манас" компаниясы аткарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG