Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Акордо: Казакстан украин жарандарына гуманитардык жардам берүүгө даяр


Акордо.
Акордо.

Казакстан Украинага медициналык жана башка гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда билдиргенин Аккордо кабарлады.

“Казакстан Украинанын жарандарына гуманитардык жардам катары медикаменттерди жана башка керектүү азыктарды жөнөтүүгө даяр. Учурда аны жөнөтүү үчүн транспорттук варианттар каралып жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Аккордо Токаев телефон сүйлөшүүдө Украинадагы кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырганын кабарлады.

“Касым-Жомарт Токаев бардык мамлекет Бириккен Улуттар Уюмунун жобосунун нормаларын жана принциптерин катуу карманышы керектигин билдирди. Президент украин кризиси өтө татаал экенин, жаңжалды чечүүдө жаңы дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү издөө керек деп эсептейт”, - деп айтылат.

Казакстандын Алматы шаарында 6-март күнү Украинадагы согушка, Орусиянын агрессиясына каршы митинг өтүп, жүздөгөн адамдар чогулду. Алар Украинанын желегин көтөрүп, “Жашасын, Украина!", "Согушка жол жок!", "Путин, Гаага, түрмө!" - деп кыйкырып турушту. Иш-чарага Алматынын акимчилиги уруксат берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG