Украина армиясы орус аскерлеринин чабуулун басаңдатууга жетишкенин билдирди. Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 8-марттын таңында жоокерлер өлкөнүн түштүк, чыгыш жана түндүк тараптарында туруштук берип жатканын, Киев жана Чернигов шаарлары украин күчтөрүнүн колунда экенин маалымдады. Бул билдирүүнү көз каранды эмес булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес.
БУУнун гуманитардык иштеринин жетекчиси Мартин Гриффитс Москвага жөнөтүлгөн топ гуманитардык жардамды жеткирүүнү орус аскерлери менен координациялап турарын айтты.
Дипломаттын айтымында, БУУ жана өнөктөшөр жүз миңдеген кишини тамак-аш менен камсыз кылды, Украинанын ичиндеги 3-5 миллиондой кишиге азык-түлүк жана акчалай жардам берилди. "Кызыл чырым" уюму дары-дармек, башка эң керектүү нерселерди таратууда.
БУУнун соңку болжолдуу маалыматына ылайык, Орусия согуш ачкан 24-февралдан бери 1,7 миллион украиналык, көбү аялдар, балдар менен кары-картаңдар, өлкөдөн качууга аргасыз болду.
Алардын 1,2 миллиону Польшада башпаана издеп барды. 7-мартта, бир эле күндө 141 жарым миң киши ал өлкөгө ооп барганын Польшанын чек ара кызматы билдирди.