Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

Ирандын өзөктүк программа боюнча башкы өкүлү Венага кайтып барды


Али Багери Кани.
Али Багери Кани.

Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө Ирандын делегациясынын башчысы Али Багери Кани өз өлкөсүнүн лидерлери менен кеңешүүдөн кийин диалогду улантуу үчүн 9-мартта Венага кайтып барды. Бул тууралуу жарым-жартылай мамлекеттик ISNA маалымат агенттиги билдирди.

Мунун алдында БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси Иранга иш сапар менен келип, өлкөнүн расмий жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөн.

Жаңы келишим боюнча Венадагы сүйлөшүүлөр былтыр апрелде башталганы менен тараптар бир пикирге келе албай жатат. Өткөн айларда Батыш өлкөлөрү ал чечүүчү чекке келип калганын кабарлашкан. Тегеран санкцияларды жумшартуу шарты менен өзөктүк курал программасына чектөө киргизүүгө макул болду.

2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектемек, бул үчүн санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ келишимден чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан. Тараптар Венада сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөрдү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG