Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Академик Аманбек Жайнаков акыркы сапарга узатылды


Аманбек Жайнаков.
Аманбек Жайнаков.

Физика-математика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, академик Аманбек Жайнаков менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 10-мартта Улуттук илимдер академиясында өтүп, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Билим берүү тармагындагы көрүнүктүү уюштуруучу, математикалык жана теориялык физика, механика, математикалык моделдештирүү жана компьютер тармагындагы окумуштуу Жайнаков 350дөн ашуун ар кыл эмгектин автору.

Илимпоздун 11 монографиясы, 10 окуу китеби жана колдонмо окуу куралы жарык көргөн. Илимий ачылыштары Германия, Италия, Жапония, Югославия, Англия, Түштүк Корея, Орусия, Казакстан ж.б. мамлекеттерде колдонулуп келет.

1976-жылы Аманбек Жайнаковдун демилгеси менен ЖОЖдор аралык электрондук эсептөө борбору уюштурулуп, ага жетекчи болуп бекитилген. Кыргызстандагы компьютердик технологиянын түп-башаты болгон бул тармакта окумуштуу 26 жыл эмгектенип, документтерди автоматтык системага киргизүү, маалыматтык-электрондук база түзүү, программа иштеп чыгуу жаатында алгылыктуу иштерди жасаган. Аталган борбор кийинчерээк Маалымат таануу жана маалымат технологиясы институту болуп кайра түзүлгөн.

Жайнаков 1941-жылы 7-октябрда Талас районундагы Кырк-Казык кыштагында туулган.

1963-жылы Кыргыз мамлекеттик институтунун физика-математика факультетин, 1969-жылы аспирантурасын аяктаган. 1970-жылы кандидаттык диссертациясын, 1984-жылы докторлук диссертациясын жактаган.

Алгачкы эмгек жолун 1963-жылы окуу жайда окутуучу болуу менен башталган. 1976-жылга чейин КМУнун теориялык физика кафедрасында окутуучу, доцент, кафедра башчысы кызматтарында эмгектенген.

Анын илимий жетекчилиги астында беш илимдин доктору, 15 илимдин кандидаты диссертациясын жактаган.

Эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, көптөгөн жогорку сыйлыктарга татыган. Ошондой эле бир нече чет өлкөнүн окуу жайларына ардактуу профессор болгон.

Эске салсак, академик 2022-жылдын 8-мартында 81 жашында көз жумду.(MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG