Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Мадумаров: Москвадан сөөк жеткирүү кызматы 40 миң рублден 150 миңге чыкты


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Орусиядан Кыргызстанга келүү үчүн учак билети кымбат болуп жатканы тууралуу маселе Жогорку Кеңештин 10-марттагы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Адахан Мадумаров орусиялык «Аэрофлот» компаниясы каттамдарын токтотконун, азыр кыргызстандык компаниялар гана жумасына 2-3 жолу каттап жатканын айтып, Транспорт жана жолдор министрлиги билет баасы боюнча маселеге көңүл бурушу керектигин белгиледи.

Мадумаров Орусияда каза болгон мекендештердин сөөгүн алып келүүдөгү көйгөйгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды:

«Москвадан бир сөөк алып келиш үчүн коштоп келген кишисин, ритуалдык кызматын кошкондо мурда 40 миң рублдин тегерегинде болуп жатса азыр 150 миң рублге чыгып кетти. Москвадан Бишкекке бир билет 7 миң болсо азыр 40 миңге чейин көтөрүп алыптыр Avia Traffic компаниясы».

Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны чет жактарда мигрант болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда. 24-февралда Орусия Украинада согуш баштаганы үчүн мурда болуп көрбөгөндөй санкцияларга кабылып, рублдин куну күндөн күнгө төмөндөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG