Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

Баткенде кезектеги кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өттү


Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан эки райондун бийлик өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп, чек арадагы коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо багыттарын талкуулашканын Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

9-мартта Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Тумба жерлигинде өткөн жолугушууга Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген делегациялар катышты.

Акимчиликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, алар «чарбалык-ирригациялык, эки элдин ортосундагы ынтымакты калыбына келтирүү, мыйзамсыз курулуштарды, жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө чыр-чатактарды болтурбоо, чагымчыл чакырыктарга алдырбоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү» маселелерин талкуулашты.

Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, ортодогу чек ара сызыгынын 60 пайызга жакыны такталган.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG