Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Доллар менен насыя алгандарга жардам берүү планы иштелип чыгууда


Кыргызстандын Улуттук банкы.
Кыргызстандын Улуттук банкы.

Өкмөт коммерциялык банктардан өндүрүш максатында доллар менен насыя алган кардарларга жардам берүү планын түзүп жатат. Бул тууралуу 10-мартта Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди:

“Соода жүгүртүүгө эмес, өндүрүшкө алган насыяларын толугу менен конвертация кылуу механизмин Улуттук банк менен бирге иштеп чыгып жатабыз азыр. Кайсы курс экенин белгилейбиз, 85 же 90 сом менен конвертация кылабыз. Калган акчасын бюджеттен толуктап беребиз”.

Кыргызстанда акыркы жолу доллардын кымбаттоосу коронавирус пандемиясы башталганда болгон. 2020-жылдын мартына чейин бир нече жыл 69 сомдун тегерегинде болуп келген доллар 85 сомго жетип, бул көрсөткүч акыркы убакта туруктуу кармалып турган.

Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери доллар кайра кымбаттап, бүгүн, 10-мартта акча алмаштыруучу жайларда 104-106 сом болууда. Улуттук банктын бүгүнкү күнгө карата аныкталган расмий курсу 97,69 сом. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG