Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

БУУ Украинадан 2,3 миллиондон көп киши качып чыкканын билдирди


Польшага агылган украин качкындар. 9-март, 2022-жыл
Польшага агылган украин качкындар. 9-март, 2022-жыл

Улуттар уюму Орусиянын кол салуусу башталган эки жумадан бери Украинадан 2,3 миллиондон көп киши качканын билдирди. Соңку 24 саатта эле 161 миң 700 киши чет өлкөгө агылды. Качкындар боюнча жогорку комиссариат 10-мартта тараткан маалыматта айтылгандай, агенттик чукул иштер үчүн 500 миллион долларга муктаж. Азыркыга чейин 300 миллиондой доллар чогутулду, анын көбү жеке адамдардан же уюмдардан түштү.

Улуттар уюмунун Миграция боюнча агенттиги Украинадан үчүнчү өлкөлөрдүн 109 миң жараны да жер которгонун кошумчалады. Бозгундардын басымдуусу – 1,4 миллиндой киши кошуна Польшага агылды. Ал өлкөнүн Чек ара кызматы 10-мартта алдыңкы күнү 117 миң 600 киши киргенин билдирди.

Качкындардын агымы жакынкы күндөрдө басаңдай турганы байкалбайт.

214 миңдей украиналык Венгрияга, 160 миңге жакыны Словакияга, 84 жарым миңден ашууну Румынияга, 83 миңи Молдовага барган. Миңдегени башка өлкөлөрдөн башпаанек тапты.

БУУ Орусияда 97 миң украиналык качкын бар экенин маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG