АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды колдоо үчүн 1,1 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Бул акча Кыргызстан боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөткөн 11 кризистик борборду жана жарандык коом уюмдарын колдоого жумшалат.
USAID үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча аракеттерди күчөтүүгө да көмөктөшмөкчү. Жаңы демилге Эл аралык аялдар күнүнө арналган атайын иш-чарада көтөрүлдү.
Кыргызстанда былтыр 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылдын деңгээлинен 12% жогору. Адистердин айтымында, катталбаган учурлар жана жабырлануучулардын саны алда канча көп болушу мүмкүн.
Өткөн жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөт кризистик борборлорду 2022-жылга каржылоосун үч эсе жогорулата турганын айткан.
Facebook шеринеси