Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

ӨКМ: Чаткалда кар көчкү астында калган мал-жандыкты чыгаруу иши уланууда


Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылында кар көчкү астында калган мал-жандыкты чыгаруу иши бүгүн, 13-мартта да уланып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 12-мартта көлөмү 1 миллион куб метрлик кар көчкү үч сарайды ичиндеги мал-жандыгы менен кошо басып калган.

Кырсыктын кесепетинен айыл тургундарына таандык 156 кой, алты жылкы жана "Одиссей" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кар астында калган.

Адам өмүрүнө зыян келген жок.

Синоптиктер 11-15-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү коркунучу бар экенин эскерткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG