Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Кара-Сууда ок чыгарган жаран кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, окуя 12-мартта Кара-Суу шаарында болгон.

Жаңжалда травматикалык тапанчадан эки жолу ок атылып, андан бир адам башынан жана бутунан жаракат алган.

Чатакка ортодогу карыз себеп болгону айтылууда. Окуя тууралуу видео интернетке тарады. Анда эки жаран уруша кетип, бири аны көздөй ок атканын көрүүгө болот.

Шектүү жаран кармалып, тергөө иштери жүрүүдө. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин ("Оор кылмышка аракеттенүү") негизинде кылмыш иши козголгон. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG