Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Кадыркулов: Европа өлкөлөрү кыргызстандыктарга 15 күндүк "жашыл коридор" берди


Львов шаары. Кыргызстандыктарды эвакуациялоо.
Львов шаары. Кыргызстандыктарды эвакуациялоо.

Украинанын аймагынан чыгып кеткен кыргызстандыктарга Европа өлкөлөрү өз мекенине кайтуу үчүн 15 күндүк "жашыл коридор" берди.

Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

"Европанын аймагында биздин жарандар үчүн 15 күндүк "жашыл коридор" берилген. Кимде-ким ал жакта мыйзамсыз калып калууну көздөп же мыйзамдаштыруу жолу аркылуу калууга аракетин көрүп жатса, жоопкерчилик өзүңөрдө экенин эскертебиз жана чет өлкөлөрдө мыйзамды сактоого чакырабыз", - деп жазды элчи.

Элчиликтин маалыматына ылайык, Кыргызстан Украинада согуш башталгандан тартып 559 жаранын чыгарып кетти. Буга чейин бул аймакта 680 кыргыз жараны консулдук каттоодо турарын маалымдаган. Элчилик бул өлкөдө жалпысынан 1350дөй кыргызстандык бар экенин билдирген.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган акысыз учак 16-мартта Польшадан Бишкекке учуп келе турганы айтылган. Кадыркулов мындан улам Украинанын аймагындагы кыргызстандыктарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүгө чакырган.

Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондор 2 миллиондон ашты. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Элчилик ошол жактагы кыргыз жарандары менен байланыш түзүп, эвакуация иштерин жүргүзүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG