Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Министрлер кабинети "Кыргыз Петролеум Компанинин" жери боюнча түшүндүрмө берди


Министрлер кабинети "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомуна тогуз гектер жер тилкесин 49 жылга акысыз пайдаланууга берүү мүмкүндүгү тууралуу түшүндүрмө берди. Буга тийиштүү токтомдун долбоору өкмөттүн сайтына 10-мартта жарыяланган.

Сөз Жалал-Абад шаарындагы жер тилкеси тууралуу болуп жатат. Президенттин 2021-жылдын 18-19-декабрында аталган облуска болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча атайын иш планы түзүлгөн.

Өкмөттүн түшүндүрмөсүндө аталган жер участкасы мамлекеттин менчигиндеги объект экени жана Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы "Элдик" мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагында турары айтылган.

"Өлчөмү 9 гектар жер участкасын мөөнөтү 49 жылга акысыз пайдаланууга берүү мүмкүндүгү каралып жаткан “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун туунду компаниясы болуп саналат, андагы мамлекеттин үлүшү 85% түзөт. Бүгүнкү күндө “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому жана “Элдик” мамлекеттик ишканасынын ортосунда аталган жер тилкесине мөөнөтү 10 жылга узак мөөнөттүү ижара келишими түзүлгөн. Белгилей кетсек, өлчөмү 9 гектар жер участкасын 49 жылга узак мөөнөттүү пайдаланууга берүүдө мамлекет аталган жер тилкесине менчик укугун жоготпойт", - деп жазылат Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматты.

Аталган жер тилкеси «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводунун өндүрүшүн модернизациялоодо пайдаланылат. Өндүрүштү модернизациялоо Министрлер кабинетинин 2026-жылдарга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларында каралган.

"Кыргыз Петролеум Компанини" учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тууганы Байгазы Матисаков жетектейт. Үстүбүздөгү жылдын январь айында “Temirov Live” YouTube каналы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик мунай компаниясынын ишмердүүлүгүнө Ташиевдин жакындарынын катыштыгы боюнча иликтөө жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG