Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Министр Казакбаев ЕБдин жогорку комиссары менен Украинадагы кырдаалды талкуулады


 Руслан Казакбаев жана Европа Комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррелдин жолугушуусу
Руслан Казакбаев жана Европа Комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррелдин жолугушуусу

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өткөн апта соңундагы Анталия дипломатиялык саммитинин алкагында Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлашты.

Жолугушуу жүрүшүндө Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Мындан сырткары эки тарап эл аралык күн тартиптеги башкы маселе - Украинадагы кырдаал боюнча да пикир алмашты. Анда министр Казакбаев Кыргызстан орус жана укриин элдери менен бирдей достук мамиледе экендигин жана Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып тургандыгын белгиледи.

"Министр Кыргызстан дүйнөнүн бөлүнүүсүнө жана коопсуздуктун бөлүнгүс принцибинин бузулушуна каршы экенин баса белгиледи. Кыргыз тарап кагылышуунун алгачкы күндөрүнөн баштап кырдаалды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу гана тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактап, тараптарды учурдагы форматтар иштебей калган мезгилде диалогдун жаңы механизмдерин жана форматтарын издөөгө чакырат",-деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле Руслан Казакбаев жайкын тургундар арасындагы курмандыктары болтурбоо үчүн жаңжалды тезинен жөнгөрүүгө чакырып, расмий Бишкек 10-марттагы Түркиянын ортомчулугу менен Анталияда өткөрүлгөн Орусия жана Украинанын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун кубаттаган.

Буга кошумча министр Казакбаев Кыргызстан Орусия менен Украинага зарыл болгон учурда сүйлөшүүлөр үчүн аянтча берүүгө даяр экендигин кайталаган.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG