Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Министр белгилүү хирург Эрнст Акрамов жетектеген институт жабылганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын "Азаттыкка" ырастады. Ал институт толугу менен жабылганын, аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын билдирди.

Министр Тез жардам ооруканасындагы (мурдагы Травматология жана ортопедия илимий борбору - ред.) травматология бөлүмү жабылып, 350 орундуу жаңы бөлүм Улуттук госпиталда ачыла турганын билдирди.

"Бул жерде башка бөлүмдөр болот. Мурда 70 жылдай Тез жардам клиникасы болгон. Оорунун белгилерине карабай ушул жерге алып келип андан ары дарыгерлер карап көрүшкөн. Буга чейин эки-үч саат Тез жардам шаарды айланып жүрө берип, оорулуулар дагы кыйналган. Травматологдор акчаны топтоп алышкан, алар иштебей деле койсо болот", - деди министр.

Эрнст Акрамов Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург, медицина илиминин доктору, профессор. Эл аралык бир катар сыйлыктарды алган. 1989-1992-жылдары СССР эл депутаты болгон. 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бирок мандатынан баш тарткан.

2002-жылдан тартып, Саламаттык сактоо министрлигинин реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору болуп эмгектенген. Кыргыз-орус славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору. 2007-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болгон.

Акрамовдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

4-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштарын билдирген. Андан бери бир нече жолу жетекчиси алмашып, Памир Муратов 14-февралда жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөндөн кийин директорлук кызмат жоюлган. Оорукананы башкы дарыгер жетектейт.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы Бишкек шаардык №4 оорукансынын базасында түптөлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG