Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

2021-жылы мектептерде рекетчилик боюнча 19 учур катталган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу, мектептеги рекетчиликти жок кылуу, алдын алуу маселесин талкуулап жатат.

Жыйында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов мектептеги рекетчилик кескин кыскарганын билдирди. Анын айтымында, 2021-жылы 19, 2020-жылы 21, 2018-жылы 106, 2015-жылы 146 учур катталган.

Өткөн жылы катталган учурлардын 18и мектеп ичинде болгон. Үч факты сотко өткөн.

Комитет жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова окуучулар арасында рекетчилик дээрлик жоюлганын билдирди. Депутат Дастан Бекешев бул маселе ачык айтылбай, көрүнбөй жатканын айтты. Бейөкмөт уюмдар чоң класстардын басымына кабылган окуучулар ата-энесине же мугалимге даттанбай турганын белгилешти. Иликтөөгө катышкан окуучулардын 93% маселени атасы менен бөлүшпөй турганын, мында аталардын ролун көтөрүү зарыл экенин айтышты.

Февраль айында Кара-Балта шаарында окуучулардын калайман мушташы катталып, бир өспүрүм ооруканага түшкөн. Бул факты Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, Жайыл районундагы эки мектептин 7-8-класстарынын окуучулары мушташкан.

XS
SM
MD
LG