Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Равшанбек Сабировдун депутаттык мандаты алынды


Равшанбек Сабиров.
Равшанбек Сабиров.

Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду. Мындай чечим 14-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында кабыл алынды.

Ушул эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аны агенттиктин жамаатына тааныштырды. Жапаров анда Кыргызстанга чет элдик түз инвестициянын агымы дээрлик 30%га көбөйгөнүн айтты. Жаңы түзүлгөн президентке караштуу Инвестициялар боюнча агенттикке улуттук деген макам берилди.

Равшанбек Сабиров 2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал президенттин кеңешчиси болуп турганда Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылган “Асман” шаары боюнча иш алып барган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG