Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

УКМК Жогорку Кеңештин төрт депутаты жасалма дипломго шек саналып жатканын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломун жана жарандыгын тактоо иштери уланып жатканын билдирди.

Мекеменин бүгүн, 14-марттагы маалыматына караганда, учурда Жогорку Кеңештин төрт депутаты, ЖК аппаратынын бир кызматкери, шаардык кеңештин үч депутаты, эки судья жасалма дипломго шек саналууда.

Шек саналгандардын арасында:

  • Эсеп палатасынын бир аудитору,
  • Ички иштер органдарынын 10 кызматкери,
  • УКМК Чек ара кызматынын бир кызматкери,
  • Мамлекеттик салык кызматынын үч кызматкери
  • Тышкы иштер министрлигинин алты кызматкери,
  • Экономика министрлигинен эки кызматкер,
  • Транспорт министрлигинен үч кызматкер,
  • Айыл чарба министрлигинин төрт кызматкери,
  • Санариптик өнүктүрүү министрлигинин бир кызматкери,
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бир кызматкери,
  • Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) бир кызматкери,
  • Бир медицина кызматкери,
  • 17 билим берүү кызматкери,
  • Социалдык фонддун бир кызматкери,
  • Эки банк кызматкери,
  • Төрт муниципалдык кызматтын кызматкери,
  • Муниципалдык аймактык башкаруунун бир адиси,
  • Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары,
  • Бир мэр,
  • Бир мурдагы мэр,
  • Бир вице-мэр,
  • Шаардык кеңештин бир кызматкери,
  • Райондук мамадминистрациянын бир башчысы,
  • Айыл аймагынын жети башчысы,
  • Айыл аймагы башчысынын эки орун басары,
  • Айылдык кеңештин беш депутаты бар.

Кесиптик лицейдин окуучуларына мыйзамсыз диплом берүү боюнча да бир коррупциялык схема текшерилүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында тогуз адам өз каалоосу менен дипломун тапшырса, 16 кызматкер өз каалоосу менен жумуштан кеткен. УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жогорку билими жана жарандыгына байланыштуу он миңдеген материалдарды текшерүүгө тийиш экенин билдирген. 12 мамлекеттик кызматкердин чет элдик жарандыгы бар-жогу текшерүүгө алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда өткөргөн басма сөз жыйынында өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдору алдыдагы үч айда толук текшерилерин билдирген.

Өткөн жумада Нарында дипломуна байланыштуу райондук прокуратура иликтөө жүргүзүп жаткан мектеп мугалими өз өмүрүнө кол салып, асынып алган окуя катталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG