Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Назарбаев Түркиядан Казакстанга кайта элек


Нурсултан Назарбаев Анталия шаарына учуп барган учуру. 9-март, 2022-жыл.
Нурсултан Назарбаев Анталия шаарына учуп барган учуру. 9-март, 2022-жыл.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Анталия шаарындагы эл аралык форумга учуп барган учак кайра Казакстанга кайта элек. Бул тууралуу Аба каттамдарынын кыймылын көзөмөлдөө кызматы билдирди. Radarbox веб-сайтынын маалыматына ылайык, Казакстандагы "борт №1" деген ат менен белгилүү Airbus 330-243 учагынын соңку конгон жери Анталия шаары болгон.

Түркиянын бул шаарынын эл аралык аэропортуна аталган учак дээрлик беш күн мурда келип конгон. Анталиядагы дипломатиялык форум 11-мартта башталып, 13-мартта жергиликтүү убакыт боюнча түштө аяктаган.

Экс-президенттин кеңсеси аны Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анталияга дипломатиялык форумга катышуу үчүн чакырганын билдирди. Назарбаев форумдун катышуучуларынын тизмесинде жок болчу. Бул сапарга Нурсултан Назарбаев мамлекет башчысы болуп тургандагы учакты пайдаланган.

Экс-президенттин жана анын жакындарынын кыймылы тууралуу маалыматка өлкөдө Январь окуясынан кийин көбүрөөк көңүл бурулуп, анын ортосунда экс-президент Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кеткен. Ал эми анын бир нече жакын тууганы менен санаалашы бийликтеги таасирдүү кызматтарынан ажыраган.

13-мартта, Анталияда форум аяктаган күнү Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы Назарбаевдин маркум бир тууган инисинин уулу Кайрат Сатыбалды кармалганын жарыялаган.

Аталган башкармалык "кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу жана өзгөчө ири өлчөмдө "Казактелеком" ААКнын каражатын ысырап кылуу" фактылары боюнча кылмыш ишин тергеп жатканын билдирди. Расмий маалыматка караганда, Сатыбалдынын “мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген башка кылмыштарга” да катыштыгы текшерилүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG