Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Бейшеналиев дарыгер Абдрамановду кызматтан бошотконун билдирди


Калдарбек Абдраманов.
Калдарбек Абдраманов.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы, профессор Калдарбек Абдрамановду кызматтан алганын "Азаттыкка" ырастады. Министрдин айтымында, Абдраманов каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу иштен алынды. Борборго жаңы жетекчи дайындала турганын кошумчалады.

Кардиолог, профессор буга чейин министр баштаган реформаларга баасын берип, "азыркы кадамдарды системалуу эмес, локалдуу реформа деп атаса" боло турганын айткан.

"Азаттык" Абдрамановдун өзүнөн жооп алууга аракет кылып, бирок байланыша алган жок.

Абдраманов 2014-жылы ноябрда Саламаттык сактоо министринин башкы кардиохирургу болуп дайындалган. Ал Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин бирлигин жетектейт.

XS
SM
MD
LG