Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Саламаттык сактоо министрлиги 143 медкызматкерге кенемте төлөнө электигин билдирди


Коронавирус күчөгөн жай айларында ачылган убактылуу стационарлардын биринде тартылган сүрөт. Бишкек, 6-июнь, 2020-жыл.
Коронавирус күчөгөн жай айларында ачылган убактылуу стационарлардын биринде тартылган сүрөт. Бишкек, 6-июнь, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Жапаркул Ташиев Кыргызстанда “кызыл зонада” иштеген медициналык кызматкерлерге төлөнгөн кенемте тууралуу маалымат берди.

Анын сөзүнө караганда, 2020-жылы коронавирус жуккан 925 дарыгерге 200 миң сомдон баш-аягы 185 миллион сом каражат төлөндү. Андан тышкары вирус жугуп каза болгон 32 кишинин жакындарына бир миллион сомдон берилди. 2021-жылы 289 миллион кенемте төлөндү. Бул тууралуу ал 14-мартта парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.

“Азыр 143 адамга ар кандай себептер менен кенемте бериле элек. Мунун ичинен кимисине каражат берилет же баш тартылат аныкталат”, - деди Жапаркул Ташиев.

Өкмөт иш учурунда коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон, каза болуп калгандарынын жакындарына 1 миллион сомдон кенемте төлөп берүү тууралуу чечим чыгарган.

Кийин анын жобосу өзгөртүлүп, коронавирус жуккан медициналык кызматкерлерге 45 миң сомдон 120 миң сомго чейин, ал эми каза болгондордун жакындарына 1,5 миллион сомдон 3 миллион сомго чейин кенемте төлөп берүү чечими кабыл алынган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG