Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Орусияда согушка каршы чыккан 900дөн ашуун адам кармалды


Орусияда согушка каршы тынчтык акциялардын катышуучулары кармалууда. 13-март, 2022-жыл.
Орусияда согушка каршы тынчтык акциялардын катышуучулары кармалууда. 13-март, 2022-жыл.

ОВД-инфо укук коргоо долбоору Орусияда Украинадагы согушка каршы демонстрациялар учурунда "Согушка жол жок!" деген ураандар менен көчөгө чыккан 900дөн ашуун жаран кармалганын билдирди.

Нааразылык акциялары 13-мартта Орусиянын 38 шаарында өттү.

Санкт-Петербург шаарында, SOTA Телеграм-каналынын маалыматында, "Гостиный двордун" жанындагы митингди чагылдыруу үчүн атайын редакциялык тапшырма менен барган бир нече журналист да кармалган.

Алар Санкт-Петербургдан 50 чакырымдай алыс жайгашкан Кронштадт шаарындагы полиция бөлүмүнө жиберилген.

Москвадагы "Манежная" аянтындагы күбөлөрдүн айтымында, полиция атүгүл аянттын жанында жөн эле сейилдеп жүргөндөрдү да кошо кармаган.

ОМОН бул аянтта Украинада жүрүп жаткан аскердик операцияны колдоо үчүн журналисттерге барып, кайрылган аялды да кармап кеткен.

Ошол эле учурда Кремлди колдогон НОД кыймылынын өкүлдөрү Москвадагы Станиславский менен Немирович-Данченконун эстелигинин алдына чогулган.

Алар согушту колдоп, «Катюша» деген ырды хор менен ырдап турушканы кабарланды. Кабарчылардын ырасташынча, полиция аларга жологон эмес.

Белгород шаарында сары жоогазынды колуна кармап, аянтта турган жалгыз шаар тургуну кармалды. Ижевскиде согушка каршы акцияга чыгып, “Дайыма күн ачык болсун” деген ырды ырдап, бийлеген бир нече адам кармалган.

Орус аскерлеринин Украинага басып киришине каршы ондогон киши Иркутск, Челябинск, Екатеринбург жана башка шаарларда да кармалды.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен Украинага 24-февралда кол салган.

18 күн ичинде Орусиянын өзүндө эле согушка каршы пикирин айткан 14 миңден ашуун адам кармалганы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG