Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде акция өткөрүүгө тыюу салынды


Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги. Архив сүрөт.
Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги. Архив сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Ошондой эле Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.

Мындай иш-чараларды Бишкектин Максим Горький атындагы скверде уюштурса болот.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин Орусиянын Кыргыстандагы элчилигинин алдында орус бийлигин сындап, Украинаны колдогон бир нече акция өткөн. Тескерисинче, Орусияны колдогон да пикет болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG