Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

ЖМК: Орусия Кытайдан аскердик жардам сураган


Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Бээжинде Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын ачылыш аземинде түз эфирде. 5-март, 2022-жыл.
Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Бээжинде Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын ачылыш аземинде түз эфирде. 5-март, 2022-жыл.

Орусиянын бийлиги Кытайдан Украинадагы аскерий операцияларды колдоо үчүн аскердик техника берүүнү суранганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Financial Times, The New York Times жана The Washington Post гезиттери америкалык аткаминерлерге шилтеме берип, жазып чыгышты. Алардын айтымында, Москва Украинага чабуулдарын баштагандан бери эле Бээжинден улам заманбап аскердик техника жана башка жардамдарды сурап келет.

Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, үчүнчү жумага караган согушта Орусиянын кээ бир куралдарынын жетишсиздиги байкалып, ок-дарылары түгөнүп баратат.

New York Times маектешине таянып, Орусия оор экономикалык санкциялардын кесепеттерин жоюу үчүн Кытайдан кошумча жардам сураганын белгилейт.

Орусиянын бул өтүнүчүн Кытай кандай кабыл алганы азырынча айтыла элек. Бээжин Орусиянын Украинага басып киришине карата бейтарап позицияны карманууда.

Ошол эле кезде Бээжин Москваны бул кол салуу үчүн айыптаган жок. Бирок чыр-чатакты сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.

Ак үй бул өтүнүч Бээжин менен Москванын ортосундагы тыгыз байланыштын белгиси деп кооптонот.

Кытайдын Вашингтондогу элчилиги Орусиянын өтүнүчүнөн кабары жок экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG