Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Муртазалиевдин каттоосуна байланыштуу сот 15-мартта уланат


Абдурахманхажи Муртазалиев.
Абдурахманхажи Муртазалиев.

Бишкектин административдик соту бүгүн, 14-мартта Свердлов округундагы кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карады. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган. Боршайком ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген.

Адвокат Таалайгүл Токтакунованын айтымында, соттук отурумда арыз берген тарап жана БШК өкүлү сүйлөп, териштирүү 15-мартта уланмай болду. Анда Боршайкомдун өкүлү Муртазалиевдин добуш сатып алуу фактысы боюнча соттук материалдарды тийиштүү түрдө тастыктап келүү үчүн отурумду жылдыруу өтүнүчүн келтирген.

Муртазалиев БШКнын дооматтарын четке кагып, аны "каралоо" катары сыпаттап жатат жана БШКнын чечимине каршы административдик сотко арыз берген.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкектин Свердлов округу боюнча 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген.

БШК Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. Жыйынтык Муртазалиевдин соттогу арыздары териштирилип бүткөн соң чыгарыла турганын БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG