Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Абдраманов: Министрге каяша айтпайм, жаңы жетекчи менен иштешем


Калдарбек Абдраманов.
Калдарбек Абдраманов.

Кардиолог, профессор Калдарбек Абдраманов Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчылыгынан алынганы тууралуу "Азаттыкка" комментарий берди.

Ал кызматтан алынганы тууралуу кабарды маалымат каражаттарынан билгенин жана өзүнүн ишинде мамлекетке зыян алып келе турган каржылык мыйзам бузуу жок экенин билдирди.

"Министрдин чечимин талкуулап, ага каяша айткан адамдардан эмесмин. Эгер жетекчи туура деп эсептесе, аны аткаруу керек. Аны колдоп, буйругун аткарыш керек. Коюп берген жетекчисин колдоп, жардам берип иштейбиз. Анткени биздин жардамга муктаж оорулуулар көп. Бирок каржылык мыйзам бузганы үчүн алынды деп жазылыптыр. Эч кандай каржылык мыйзам бузуу жок бизде. Мыйзамга туура келбеген иштер болушу мүмкүн, бирок биз мамлекетке бир дагы тыйын зыян алып келген эмеспиз. Биз пайда алып келген иштерди жасаганбыз, ошону аудит "мыйзамга туура келбейт" деп жазып кеткен", - деди Абдраманов.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы, профессор Калдарбек Абдрамановду кызматтан алганын "Азаттыкка" ырастаган. Министрдин айтымында, Абдраманов каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу иштен алынды. Борборго жаңы жетекчи дайындала турганын айткан.

Министр Бейшеналиев буга чейин дагы бир катар оорукана, медицина борборлорунун жетекчилерин кызматтан алган. Ал бул тармакты реформалоо башталганын жарыялаган. (ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG