Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Кыргызстанда дары-дармектин эки-үч айга жете турган кору бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын фармацевтика фирмаларында эки-үч айга жете турган дары-дармектин запасы бар. Бул тууралуу Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

"Биздин рынокто ажиотаж болуп кетпесин деп өтө зарыл дары-дармектерди каттоосу жок Кыргызстанга алып келүү боюнча долбоор даярдадык. Азыр ал макулдашууга кеткен. Азыр мониторинг жасап жатабыз, дарылар жок болуп кете тургандай көрүнүш жок. Фирмаларда эки-үч айга жете турган дары-дармек бар экен. Азыр баага көзөмөл жүргүзүүнү убактылуу, беш айга токтотуп туралы деп жатабыз. Анткени доллар өскөнүнө байланыштуу фирмалар өздөрүнө пайдасы жок дарыларды алып келбей коюшу мүмкүн", - деди Кагаздиев.

Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында доллардын баасы өскөнүнө байланыштуу дары-дармек баасы да өсүшү ыктымал экени айтылды. Кагаздиевдин белгилешинче, Кыргызстанга дары-дармектин 5% Украинадан, 16% Орусиядан алып келинет.

Комитет төрайымы, депутат Динара Ашимова мамлекеттик дарыканаларды ачуу маселеси COVID-19 пандемиясы учурунан бери көтөрүлүп келгенин белгиледи. Эл өкүлү Дастан Бекешев дары-дармек кымбаттап жатканын, анын ичинде инсулинге баа өскөнүн кошумчалады.

Буга чейин Орусиянын Украинага басып киришинин артынан Кыргызстандагы дары-дармек базарында кырдаал оорлогону 2-мартта дары коопсуздугуна байланыштуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өткөргөн кеңешмеде айтылган.

Фармацевтика бирикмесинин жетекчиси Эрнис Асанов Кыргызстанга 30дан ашуун өлкөдөн дары-дармек жана медициналык каражаттар импорттолорун, анын 60% жакыны Орусия менен Украинага таандык экенин белгиленген.

Анын айтымында, бул эки өлкөнүн ортосундагы кырдаалдан улам Украинага берилген бардык буйрутмалар жокко чыгарылган, аны кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгү суроо бойдон калууда.

9-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык абалдын курчушуна байланыштуу дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда калкты дары-дармек менен камсыздоо улуттук коопсуздук маселесине кирери, дары-дармек жеткирүү үзгүлтүккө учуруган мезгилде өкмөт ыкчам жана чечкиндүү чараларды көрүшү керектиги айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG