Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:19

АКШ Кытайды Орусияга жардам берүүнүн кесепеттерин эскертти


АКШ менен Кытайдын расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы соода сүйлөшүүлөрү. Иллюстрация сүрөт.
АКШ менен Кытайдын расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы соода сүйлөшүүлөрү. Иллюстрация сүрөт.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 14-мартта Римде Кытайдын улук дипломаты Ян Цзечи менен жолугуп, Бээжинди Орусияга аскердик жардам көрсөтүүдөн этият болууга үндөдү. Бул тууралуу "Америка абазы" кабарлады.

Октябрда Цюрихте өткөн жабык кеңешмеден бери Салливан Зечи менен биринчи ирет жолукту. Салливан кытай дипломаттарына Бээжин Орусиянын Украинага каршы агрессиясын колдосо, Кытай эл аралык обочолонтууга алып келген чараларга кириптер болорун эскерткен.

АКШнын дипломаттары соңку эки аптадан бери Кытайга Орусия менен болчу соода жүгүртүү жаңы технологияларды алмашуу алакасына оор кесепеттерин тийгизерин жана Кытайга санкциялар салынышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

"Орусияга экспортко коюлган чектөөлөрдү этибарга албаган кытайлык компаниялар өндүрүшүнө керектүү америкалык жабдуулардан жана программалык камсыздоодон ажыратылышы мүмкүн", - деп билдирген өткөн аптада АКШнын соода министри Жина Раймондо.

13-мартта АКШнын расмий өкүлдөрүнүн Рейтер агенттигине билдиришинче, Орусия Кытайдан аскердик техника жагынан жардам берүүнү сураган. Мындай маалымат Батышта тынчсыздануу жаратып, Кытай менен токтоосуз түрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аны мындай ниетинен кайтууга чакыра турганы айтылды.

Салливан CNN телеканалына Вашингтон Бээжиндин Москвага ыктымал экономикалык же аскердик колдоо көрсөтүүсүн тыкыр көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG