Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Ошто экстремисттик мүнөздөгү видео таратууга шектүү жаран кармалды


Экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү видео материалдарды жайылткан деген шек менен 27 жаштагы Ош шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Р.Ж аттуу шектүү өзүнүн YouТube каналына экстремисттик, террористтик мазмундагы видеоматериалдарды жүктөп турган. Алгачкы иликтөө учурунда анын агасы жана карындашы Сирияда жүргөнү белгилүү болгон.

Учурда бул факт боюнча Жазык кодексинин 332-беренеси (экстремисттик, террористтик материалдарды таратуу) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн айда 70 экстремисттик сайтка, 10 аккаунтка бөгөт коюлганын билдирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) соңку айларда "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик тобунун бир нече активдүү мүчөсүн жана жетекчилерин кармаган. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG