Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:24

Улуттук банк рублдин курсун аныктоо ыкмасы тууралуу түшүндүрмө берди


Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева Кыргызстанда рублдин курсун аныктоо ыкмасынын өзгөртүлүшү тууралуу түшүндүрмө берди. Анын сөзүнө караганда, ушул күндөрү Москва биржасында рублдин курсу реалдуу бааны көрсөтпөй турат.

Ушундан улам орус акчасынын жана АКШ долларынын кыргыз сомуна карата чыныгы катышын билүү үчүн Улуттук банк рубл жана доллардын курсун мындан ары Блумберг жана Рейтер маалымат агенттигинен гана алат.

“Баары эл аралык рыногдо рублдин курсунун аныкталышына байланыштуу болот. Рублдин баасы эртең эмне болорун айтуу кыйын”.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев рублдин кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоо тартибин убактылуу өзгөртүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Ага ылайык, сом менен рублдин курсу мындан ары кросс-курс ыкмасында аныкталат. Бир валюта менен экинчи валютанын катышы үчүнчү валютанын негизинде чечилген ыкма кросс-курс деп аталат.

Москва Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Европа Биримдиги Орусиянын Борбордук банкына санкция салган. Натыйжада мекеме эл аралык резервдеги 640 млрд. доллардай акчанын көпчүлүк бөлүгүн иштете албай калды. Бул жана башка чаралардан улам орус рублинин куну кескин түштү.

Февралдан бери 1 доллар 75-80 рублдик курстан, 100-120 рублга чейин көтөрүлүп кетти. Орусиянын айрым банктарында жана акча алмаштыруучу жайларында доллар 150-160 рублга чейин сатылууда. Орус бийлиги муну көзөмөлдөө үчүн Москва банктар аралык валюталык биржасындагы сооданы улам-улам жаап салып жатат. Бул биржадагы кийинки курстук аныктамалар 18-мартта гана ачылат.

Орусиядагы валюталык олку-солкулуктун фонунда чет элдик валюталардын сомго карата курсу да жогорулады. Февралда 1 доллар 85 сом турса, ушул күндөрү 103-106 сомго чейин чыкты. (BTo/BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG