Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

SIPRI: Европада курал-жарак импорту өстү


Стокгольмдогу Тынчтыкты изилдөө боюнча Эл аралык институт (SIPRI) жарыялаган изилдөөгө ылайык, Европа соңку беш жылда курал-жарак импортунун өсүшү боюнча дүйнөдө эң алдыга чыкты.

Анда 2017-жылдан 2021-жылга чейинки аралыкта дүйнөлүк эл аралык курал-жарак соодасы мурдагы беш жылга салыштырмалуу 4,6 пайызга азайып, бирок Европа өлкөлөрүнүн импорту 19 пайызга өскөнүн көрсөттү.

"Көпчүлүк европалык мамлекеттер менен Орусиянын ортосундагы мамилелердин кескин начарлашы курал-жарак импортунун өсүшүнүн маанилүү кыймылдаткычы болду. Айрыкча, өздөрүнүн улуттук курал-жарак өнөр жайы аркылуу бардык талаптарын канааттандыра албаган мамлекеттер үчүн", - деди Питер Веземан, SIPRIнин курал-жарактарды изилдөө боюнча программасынын улук эксперти.

Орусия былтыртан бери Батыш чек арасын бойлой бир нече айдан бери жүз миңден ашуун аскерин жана аскер техникасын топтогон. Жыйынтыгында Орусия Украинага кол салбай турганына бир нече жолу ишендирип, бирок 24-февралда өлкө аймагына басып кирди.

Мындай кадамдар Германия, Дания жана Швеция сыяктуу Европа өлкөлөрдүн аскердик чыгымдарын чукул арада көбөйтүүгө түрткөнү кабарланды.

Согуш маалында коопсуздугун жана коргонууну чыңдоо үчүн башка, айрыкча НАТОнун чыгыш флангында жайгашкан өлкөлөр да ушундай кадамга барары күтүлүүдө. Украина НАТОнун бир катар өлкөлөрү менен чектешет.

SIPRI АКШнын базардагы 39 пайыздык үлүшү менен дүйнөнүн эң чоң курал экспорттоочусу болсо, 19 пайыздык үлүшкө ээ болуу менен Орусия экинчи орунда турарын билдирди.

Европа өлкөлөрүнүн ичинен Улуу Британияда, Норвегияда жана Нидерландда курал-жарак импорту өзгөчө өскөнү байкалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG