Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Украин-орус сүйлөшүүлөрү шарттарды тактоо үчүн "тыныгуу" алды


Украина жана Орусиянын делегацияларынын мүчөлөрү алгачкы сүйлөшүүлөрдө.
Украина жана Орусиянын делегацияларынын мүчөлөрү алгачкы сүйлөшүүлөрдө.

Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы “техникалык тыныгуудан” кийин 15-мартта кайра уланат. Тынчтыкка жетишүү маселеси эртең жыйынтыктала турган болду. Бул тууралуу эки тараптын делегация мүчөлөрү ырасташты.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин улук кеңешчиси Михайло Подоляктын айтымында, бул тыныгуу "жумушчу топтор иштеп, кеңешүүсүнө кошумча убакыт берүү жана аныктамаларды тактоого" мүмкүндүк берет.

Подоляк сүйлөшүүдө ок атышууну дароо токтотуу, орус аскерлерин өлкөдөн токтоосуз түрдө чыгарып кетүү жана коопсуздук кепилдигин алуу боюнча оор талаш-тартыштар болгонун айтты.

Буга чейинки үч жолку бетме-бет жолугушуудан кийинки видеобайланыш аркылуу өткөн сүйлөшүүлөр Орусиянын Украинага аба соккулары жана жерден зениттик-артиллериялык аткылоосун күчөтүп жаткан учурга туш келген.

Бул дипломатиялык аракеттер орус аскерлери Украинанын баш калаасына жана башка ири шаарларга кысымын улантып жатканына карабай, Москва дагы көп жарандарды "жашыл коридорлор" аркылуу эвакуациялоого жол ачат деген үмүт жаратууда.

Мурунку сүйлөшүүлөрдө тараптар алдыга жылыштар болбогонун, бир чечимге келүү кыйын болуп жатканын белгилешкен. Анын айынан жүз миңдеген адамдар тамак-аш, суу жана дары-дармектин тартыштыгына дуушар болгону айтылган эле.

Бул жолугушуунун алдында "РИА Новости" агенттиги орусиялык делегат Леонид Слуцкийге шилтеме жасап, "буга чейинки тынчтык сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыштарга жетишилгенин жана делегациялар жакын арада келишимдин макулдашылган долбооруна жетишиши мүмкүн экенин" жазды.

Украинанын жана Европанын лидерлери Орусиядан согуштун айынан камалып калган жайкын тургундарга коопсуз өтмөк берүүсүн талап кылды.

Украин бийлиги 14-марттан баштап ондон ашуун гуманитардык коридор ачылганын, анын ичинде Мариуполдон дагы элди алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG