Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:12

Донецк шаарына сокку урулганы кабарланды


Донецктеги аба соккулары урулган имараттын алды.
Донецктеги аба соккулары урулган имараттын алды.

Украинанын чыгышындагы Орусия "Донецк Элдик республикасы" деп тааныган шаардын чок ортосуна абадан кол салуу болгонун жикчилдердин жетекчилиги билдирди. Анын айтымында, аба соккулары Донецк шаарынын борборундагы Университет жана Артем көчөлөрүнүн ортосуна жана жергиликтүү өкмөт үйүнүн жанына урулган.

Орусиялык "РИА Новости" агенттиги бул тууралуу "ДЭРдин" коргонуу штабына таянып маалымат таратып, бул аба соккусунан 17 адам каза болуп, 28 киши жаракат алганын билдирди.

Орусиянын ТАСС агенттигинин кабарчысы: "Украинанын куралдуу күчтөрүнүн "Точка-У" ракетасы шаардын үстүнөн атып түшүрүлдү, анын жерге түшкөн чачырандыларынан каза болгондор бар",- деп билдирди.

Алгач Донецк шаарынын мэри Алексей Кулемзин "РИА Новостиге" билдиргендей, 20дан ашуун адам каза болуп, 13ү жаракат алып, жабыркагандардын арасында бир бала да бар болгон.

Бирок кийин "ДНР" деген жикчил өкмөт саналган топтун Саламаттыкты сактоо министрлиги 16 адам каза болуп, 23 адам жаракат алганын, анын ичинде бир бала болгону тууралуу маалымдаганын орусиялык агенттик жазды.


"ДНР" деп аталган жикчил уюмдун башчысы Денис Пушилин сокку урулган аймакка жакын жерде аскердик объектилер жок экенин билдирди.

"Бул Университет көчөсүнүн борбордук бөлүгү, Артем көчөсү, өкмөт үйүнүн жанында, административдик имараттар жана көптөгөн жарандык объектилер бар", - деди Пушилин. Ал ошондой эле ракета тыюу салынган кассеталык дүрмөт менен жабдылганын да кошумчалады.

Согуштун шартында касташкан тараптардын бирин-бири айыптаган билдирүүлөрүнүн аныктыгын тезинен текшерип чыгуу мүмкун эмес экендигин эске салабыз. Донецк шаарына абадан сокку урулганын башка көз карандысыз булактар ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG