Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Украин-орус сүйлөшүүсү башталды


Михаил Подоляк, Украинанын президенттик кеңсесинин жетекчисинин кеңешчиси.
Михаил Подоляк, Украинанын президенттик кеңсесинин жетекчисинин кеңешчиси.

14-мартта кырдаалды жөнгө салып, ок атышуунун шарттарын кароо боюнча орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү айлампасы өтүүдө. Бул жолу эки тараптын делегациялары бетме-бет жолугушпай, интернет аркылуу онлайн-сүйлөшөт.

Украин делегациясынын мүчөсү, президенттик кеңсенин кеңешчиси Михайло Подоляк алдыда татаал сүйлөшүү күтүп жатканын, украин тарап өз талаптарын, анын ичинде ок атышууну токтотуу, аскерлерди чыгаруу жана коопсуздук кепилдигин талап кыларын билдирди.

Ал Орусия Украинанын шаарларын тынымсыз бомбалап, 19 күндөн бери зомбулук көрсөтүп жатканына карабай, сүйлөшүүлөрдөн кандайдыр бир жыйынтык болушу мүмкүн деген пикирин билдирди.

Подоляктын айтымында, сүйлөшүүдө курчоодо калган шаарлардагы карапайым калктын оор абалына байланыштуу гуманитардык маселелер талкууланат.

Буга чейин украин жана орус делегацияларынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир жылыш бар экенин айтып, бирок кеңири маалымат берген эмес.

Украин бийлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинаны демилитаризациялоо, Крым аннексиясын жана «ДЭР» менен «ЛЭР» деп аталган жикчил республикалардын көз карандысыздыгын таануу талабын бир нече жолу четке каккан.

Киев эгер Украина өзүнүн коопсуздугуна Орусиядан жетиштүү кепилдик алса, НАТОго кирүү планынан баш тартышы мүмкүн экенин ачык айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки үч айлампасы Беларуста февралдын аягында – марттын башында өтүп, майнапсыз аяктаган.

Орусия 24-февралдан бери Украинага аскерлерин киргизип, аба соккуларын уруп, айыгышкан салгылашуу уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG