Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:26

Курчоодогу Мариуполдон "жашыл коридор" ачылды


Бир жарым аптадан бери курчоодо турган Мариупол шаары.
Бир жарым аптадан бери курчоодо турган Мариупол шаары.

Мариупол шаарынын мэринин кеңешчиси Петро Андрющенко курчоодо турган шаардан жайкын тургундарды чыгаруу үчүн "жашыл коридор" ачылганын билдирди. Анын жыйынтыгында шаардан кеминде 50 автоунаа сыртка чыгарылганын кошумчалады.

"Бизде Мариупол багыты боюнча жеке транспорт үчүн гуманитардык коридор ачуу ок атышууну убактылуу токтотуп, "жымжырттык режимин" сактоого жетиштик. Муну биз иш жүзүндө ырастай алдык. Учурда 50дөн ашуун жеке менчик автоунаа Бердянсктан өтүп, Запорожье таратапы көздөй багыт алды. Азырынча көзөмөл-өткөрүү пункттарынан өтүүдө көйгөйлөр жок", - деп жазды Андрющенко.

Бир жарым жумадан ашуун убакыттан бери Мариупол шаары орус армиясынын курчоосунда турган болчу. Шаарды тынымсыз ракеталык аткылоолорлор токтобой, "ок атпоо режими" боюнча жетишилген макулдашууларды Орусиянын аскер күчтөрү сактабай келгени белгиленди.

Анын натыйжасында Азов деңизинин боюндагы Мариупол порт шаарындагы калк жашаган турак жайларга, медициналык мекемелерге жана башка социалдык объектилерге абадан сокку урулуп, тынымсыз аткыланып турду.

Орусия тарап жарандык объектилерге аба соккулары урулбаганын айтып, айрым социалдык жана медициналык мекемелер украин күчтөрүнүн баш калкалоочу жайларына айланган үчүн гана аткыланганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG