Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:46

Башкы прокуратура Жыргалбек Сагынбаев кармалганын билдирди


Жыргалбек Сагынбаев.
Жыргалбек Сагынбаев.

Башкы прокуратура Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Жыргалбек Сагынбаев кармалганын кабарлады. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы көзөмөл органынын расмий өкүлү Сирожиддин Камолидинов айтты.

“Ал комитетте иштеп турганда кызматкерлерине 5 миллион сомдон көп каражатты мыйзамсыз түрдө сый акы катары берген экен. Толук маалыматты кийинчерээк беребиз”, - деди Камолидинов.

Анын сөзүнө караганда, Сагынбаев менен кошо өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Элдияр Муканов да кармалды. Ал азыр Энергетика министрлигинде иштейт.

Шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган адамдардын адвокаттары менен жакындары азырынча комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG