Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Кыргызстан аркылуу Сирияга кетүүгө аракет кылган чет өлкөлүктөр кармалды


Кармалган шектүүлөр.
Кармалган шектүүлөр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сириядагы согуштук аймакка баруу үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн чет элдик эки адамды кармаганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, шектүүлөр - Борбор Азиядагы мамлекеттердин биринин жараны.

Алар Жалал-Абад шаарында мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен жашынып жүргөн жеринен 13-мартта колго түштү. Кармалган эки адам Кыргызстанга келгенден кийин Сирияга чыгып кетүү үчүн өздөрүнө Кыргызстандын паспортун жасатып алганга аракет кылышкан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүүлөр Жалал-Абад шаарындагы тергөө камак жайына киргизилди.

УКМКнын маалыматы боюнча, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына 2013-2015-жылдары Кыргызстандан 850 киши кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. Өзү каалап же азгырык жолу менен “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулган кыргызстандыктардын 140ка жакыны - аялдар.

Сириядагы кыргызстандыктардын туугандары бийликке кайрылып, аларды мекенге кайтарууга жардам сурап келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG