Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Европанын үч өлкөсүнүн премьери Киевге баратат


Чехиянын премьер-министри Петр Фиала
Чехиянын премьер-министри Петр Фиала

Чехиянын, Польшанын жана Словениянын премьер-министрлери 15-мартта түштөн кийин орус аскерлери ар тараптан аткылап жаткан Киевде чогула турган болушту.

Борбордук жана Чыгыш Европанын Евробиримдикке кирген үч мамлекетинин жогорку саясий жетекчилигинин сапары Орусия Украинага кол салып, шаарларын талкалап, кыйратып жаткан учурга туура келди.

Чехия, Польша жана Словения Украинага саясий-моралдык колдоо көрсөтүп, тилектештигин билдирүү үчүн согуштук абалга карабастан жолугушуу Киевде өтөрү күтүлүүдө.

Чехиянын премьер-министри Петр Фиала Твиттердеги баракчасына үч лидер Украинанын президенти Владимир Зеленский жана премьер-министр Денис Шмихал менен жолугарын билдирди.

"Сапардын максаты - Евробиримдиктин Украинага, анын эркиндиги менен көз карандысыздыгына бир тараптуу колдоо билдирүү", - деди Фиала.

"Ошол эле учурда биз визит учурунда Украинага жана анын жарандарына колдоо көрсөтүүнүн кеңири пакетин сунуштайбыз. Бул сапар тууралуу эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму да кабардар болгон", - деп билдирди Чехиянын премьер-министри.

Бул арада Украинага 24-февралда басып кирген орус аскерлери 15-мартка караган түнү Киевдин чет жакасындагы бир нече райондордо соккуну күчөттү.

XS
SM
MD
LG