Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Бишкек мэриясында 584 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Былтыр Бишкек мэриясында 584 миллион 318 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталып, анын 62 миллион 951 миң сому гана кайра калыбына келтирилген. Бул тууралуу 15-мартта Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров вице-мэрлер, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде белгилүү болду.

Кайсы мекемелерде каржылык мыйзам бузуулар аныкталганы жана чыгым кандай өндүрүлгөнү тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымат берген жок.

Жыйында көзөмөл-кассалык аппараттарын (ККМ) киргизүү, эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдык, муниципалитеттин түзүмдөрүнө жүргүзүлгөн ички аудиттин жыйынтыгы жана жергиликтүү бюджеттин абалы талкууланды.

Март айынын башында Бишкек мэриясында шаардын көчөлөрүн оңдоого бөлүнгөн 772 миллион сомдун 520 миллион сому кайда сарпталганы белгисиз болуп жатканы кабарланган.

Мекеме борбордогу жолдорду оңдоо үчүн бөлүнгөн 1 миллиард сомго жакын акчанын эсебин таппай жатканы тууралуу былтыр “Азаттык” журналисттик иликтөө чыгарган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG