Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:25

Дарыгерлер Абдрамановдун кызматтан алынышы боюнча президентке кайрылышты


Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун кызматкерлери.
Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун кызматкерлери.

Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун эмгек жамааты жетекчиси Калдарбек Абдрамановдун кызматтан алынышына байланыштуу 15-мартта президентке кайрылды. Алар депутаттык комиссия түзүп, жасалган иштерин карап чыкканга чейин Абдраманов жумуштан кетпеши керек деп эсептешет.

“Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынан министр Бейшеналиевдин “Абдрамановду кызматтан алуу керек” деген сөзүн окудук. Ошондуктан бул жактагы жасалган жумуштарды атайын депутаттык топ түзүп, карап чыкканча жетекчини алмаштырбай турушсун жана бул ишти президент көзөмөлгө алса”, - деди Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун кызматкери Венера Орунбаева.

Ал эми кардиолог, профессор Калдарбек Абдраманов 14-мартта кызматтан кеткени тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берип, мындай кабарды маалымат каражаттарынан билгенин жана өзүнүн ишинде мамлекетке зыян алып келе турган каржылык мыйзам бузуу жок экенин билдирди.

Ал министрдин чечимине каршы чыкпай турганын кошумчалады.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 14-мартта Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы, профессор Калдарбек Абдрамановду каржылык алешемдиктерден улам кызматтан алганын билдирген.

Ал борборго жаңы жетекчи дайындала турганын айткан. Министр Бейшеналиев буга чейин да бир катар оорукана, медицина борборлорунун жетекчилерин кызматтан алган. (ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG