Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Ажикеев: кумшекер 70 сомдон, суу май 130 сомдон сатылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Бообек Ажикеев Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы арзандай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 15-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, 1 миллион килограмм кумшекер өлкөдөгү соода уюмдарына таратылып жатат жана бир килограммы 70 сомдон болот. Ошондой эле 500 миң литр өсүмдүк майы да таратылып бир литри 130 сом деп белгиленди.

“Орусия менен Украинадагы абалдан улам биздин жарандар азык-түлүк коопсуздугуна кабатыр болууда. Акыркы үч күндөгү дүрбөлөң тез эле өлкөгө жайылып кетерин көрсөттү. Дүкөндөрдө кумшекер калбай калды. Биз текшергенде дүңүнөн соода кылгандарда кумшекер бар экен. Болгону дүкөндөргө гана түгөнүп калган. Ушундан улам бир килограмм кумшекер 100 сомго, мүшөгү 5 миң сомго чейин чыккан”, - деди Ажикеев.

Өткөн аптада Бишкектеги чоң супермаркеттер айрым негизги товарларды сатууда чектөөлөрдү киргизип, бир адамга чектелүү гана өлчөмдөгү товар сатыла баштаган. Базарларда, ири дүкөндөрдө кумшекердин, өсүмдүк майынын баасы кымбаттаган.

Өкмөт Кыргызстанда беш айга жете турган кумшекер менен өсүмдүк майы бар экенин билдирип, элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырган.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттап, Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө. Орусиянын өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG