Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Казакстан долларды тышка чыгарууга тыюу салды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Казакстандын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 10 миң доллардан ашык накталай валютаны өлкөдөн сыртка алып чыгууга тыюу салынды.

Президенттин жарлыгы 14-мартта Казакстандын айрым банктарында жана акча алмаштыруу жайларында накталай чет элдик валютанын таңкыстыгы тууралуу маалымат тарагандан кийин чыкты.

Жарлыкка ылайык, 10 миң АКШ доллардан ашкан накталай чет элдик валютаны Казакстандан сыртка ташып чыгууга катуу тыюу салына турганы көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, 5, 10, 20, 50 жана 100 граммдык аффинаждалган алтын куймаларын, Улуттук банк чыгарган “Алтын барыс” жана “Кымыз барыс” алтын-күмүш инвестициялык монеталарын, 100 граммдан жогору аффинаждалган алтынды экспорттоого тыюу салынат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тарта башкача айтканда, 14-марттан тартып күчүнө кирди.

Президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы чыккандан бир канча убакыт өткөндөн кийин Казакстандын Улуттук банкы "чет элдик валютаны экспорттоого тыюу салуу Улуттук банктын резервинин сакталышын камсыздайт" деп билдирүү таратты.

«Бул чараларды кабыл алуу чет өлкөлүк валютанын ашыкча экспорттолушун көзөмөлдөөнү жана Улуттук банктын резервдеринин сакталышын, сактык инструменттерин диверсификациялоону камсыз кылат», - деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Ошол эле кезде Казакстандагы айрым коммерциялык банктар доллар түрүндөгү депозиттерге чектөө киргизип жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Нур-Султан менен Алматыдагы акча алмаштыруучу жайларда накталай доллар жок экени айтылууда.

Курамына Kaspi Bank кирген Kaspi.kz финтех компаниясынын жетекчиси жана тең негиздөөчүсү Михаил Ломтадзе Казакстанда накталай доллардын жетишсиздигин убактылуу көрүнүш деп атады.

Быйыл 12-марттан Кыргызстанда дагы накталай долларды сыртка чыгарууга тыюу салынган. Чектөө банктарга, акча алмаштыруу жайларына жана микрофинансылык уюмдарга да тиешелүү болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG