Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Чүйдөгү тигүү фабрикасы кеңейтилди


Кеңейтилген фабриканын ачылышы.
Кеңейтилген фабриканын ачылышы.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Төмөнкү Чүй айылындагы тигүү фабрикасынын кеңейтүүгө көмөк көрсөттү.

Агенттиктин маалыматына караганда, фабрика колдоонун негизинде 130 жаңы тигүүчү машинелерди алган. Жабдуулар агенттиктин "Конкуренттүү ишкана" долбоорунун алкагында берилген. Бул долбоор жергиликтүү ишканаларды колдоо аркылуу жаңы жумуш орундарын түзүүнү көздөйт. Ушул кызматташтыктын натыйжасында фабриканын өндүрүштүк кубаттуулугу 15% өскөн.

"USAIDдин колдоосу менен алынган жаңы жабдуулардын аркасында биз жаңы тигүү линиясын ишке киргизип, тигүүчүлөрдү жумушка алып жатабыз", - деди тигүү ишканасынын директору Марат Султанов.

Учурда фабрика спорттук жана башка жогорку сапаттагы кийимдерди жергиликтүү базарлар жана КМШ өлкөлөрү үчүн чыгарат.

"Биз Кыргызстанда жеке бизнес жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жол ача аларына ишенебиз. Андыктан жаңы рынокторго жол ачып, көбүрөөк жумуш орундарын түзүүгө жардам берген ишкердикти өнүктүрүү боюнча программалар аркылуу Кыргызстанды колдоону улантабыз", - деди фабриканын ачылыш аземинде сүйлөп жатып АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

"Конкуренттүү ишкана" долбоору айыл чарба, текстиль, маалымат технологиялар, билим берүү жана тамак-аш өнөр жайындагы кичи жана орто бизнес менен иштешет. Аларга өндүрүштү кеңейтүү аркылуу жаңы жумуш орундарын көбөйтүүгө жардам берет. Беш жылдык долбоордун алкагында USAID өлкө боюнча 110дон ашык ишканаларга колдоо көрсөткөн. "Конкуренттүү ишкананын" жалпы бюджети 22,7 млн долларды түзөт. Анын алкагында 19 миң жаңы жумуш орун түзүлөрү күтүлүп жатат.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) акыркы беш жылда Кыргызстанга 188 млн. долларды бөлгөн. Уюм өлкөдө иш алып барган 1992-жылдан бери өнүгүү үчүн берген каражаттын суммасы 600 млн. доллардан ашат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG