Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

УКМК мыйзасыз иштеген майнинг-ферма аныкталганын билдирди


Майнинг-ферманын техникалары. УКМКнын сүрөтү.
Майнинг-ферманын техникалары. УКМКнын сүрөтү.

Мыйзамсыз майнинг-фермаларды түзүп, криптовалюта өндүргөн адам аныкталганын 15-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 3-мартта Бишкектин Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан “Тихий-Замок” мейманканасынын жертөлөсүндө 150дөн ашык техникасы бар криптовалюта өндүрүү үчүн жабдылган майнинг-ферма табылган.

Өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздигинен улам “Улуттук энерго холдинг” компаниясы майнинг ишканаларына жарык берүүгө тыюу салган.

Электрондук валюта чыгарган компаниялар майнинг-фермадеп аталат. Алар көптөгөн компьютерлердин жана серверлердин жардамы менен татаал техникалык тапшырмаларды чечүү аркылуу жаңы криптовалюта чыгарат. Бул үчүн электр энергиясын өтө көп колдонулат, токту суткасына 24 саат, жыл бою үзгүлтүксүз алып турушу керек.

Кыргызстанда электрондук акча чыгарган компанияларга тыюу салынган эмес, бирок электрдин аздыгынан аларга ток берилбей келатат.

Шектүү тарап комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG