Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Улуттук госпиталда травматология бөлүмү ачылды


Алымкадыр Бейшеналиев бөлүмдү ачып жатат. 15-март, 2022-жыл.
Алымкадыр Бейшеналиев бөлүмдү ачып жатат. 15-март, 2022-жыл.

Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда 300-350 орундуу травматология бөлүмү ачылды. Анын ачылышына катышкан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бөлүм демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдоп-түзөөдөн өткөнүн билдирди. Демөөрчүлөр арасында өзүнүн баласы бар экенин кошумчалады.

Буга чейин бөлүм мурдагы Травматология жана ортопедия илимий борборуна караган.

4-февралда министр аталган борбордун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштаган. Андан бери бир нече жолу жетекчи алмашып, Памир Муратов 14-февралда башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөндөн кийин директорлук кызмат жоюлган. Оорукананы башкы дарыгер жетектейт.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы Бишкек шаардык №4 оорукансынын базасында түптөлгөн. (КЕ/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG