Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

"Биринчи каналдын" түз эфирде согушту айыптаган редактору табылбай жатат


Орусиянын "Биринчи каналынын" кечки жаңылыктарында анын редактору Марина Овсянникова плакат менен чыккан.
Орусиянын "Биринчи каналынын" кечки жаңылыктарында анын редактору Марина Овсянникова плакат менен чыккан.

"Биринчи каналдын" "Время" программасынын түз эфири учурунда согушка каршы жазуулар жазылган плакат көтөрүп чыкканы үчүн кармалган редактор Марина Овсянникованы адвокаттар таба албай жатканы кабарланды.

Овсянникова 14-мартта кечинде “Время” программасынын эфиринде “Согушту токтоткула, пропагандага ишенбегиле, силерге калп айтып жатышат” деп жазылган плакатты көтөрүп чыккандан кийин полиция кармап кеткен.

Бул тууралуу анын адвокаты Даниил Берманга шилтеме берип, Meduza жазып чыкты.

Буга чейин Овсянникова Москванын "Останкино" райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалган.

"Укук коргоо" уюмунун адвокаты Анри Цискаришвили ал жакка барып, Марина Овсянникованы тапкан эмес. Полиция укук коргоочуларга анын бөлүмдө жок экенин айткан.

15-мартта адвокаттар редакторду шаардагы башка полиция бөлүмдөрүнөн да таба алышкан эмес.

«Холод» басылмасы адвокат Павел Чиковго таянып, Овсянникова 12 сааттан ашык убакыттан бери белгисиз жерде кармалып турганын жазды.

Буга чейин адвокат Даниил Берман Овсянниковага кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG