Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

ИИМ элди каржы пирамидаларына алданбоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылган каржы пирамидаларына алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин эскертти.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдө жыл сайын он миңдеген адамдар каржы пирамидаларына алданып калышат. Алардын так саны айтылган жок.

“Алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну
сунуштайт. Жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана
айыл чарбасына акча салууга убада беришет. Жогорку натыйжалуу өндүрүшкө
инвестиция салууга үгүттөп келишет”, - деп айтылат маалыматта.

Мекеме каржы пирамидасынан зыян тарткан жарандарды укук коргоо органдарына кайрылууга үндөдү.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр биринчи жарым жылдыкта каржы пирамида ишмердүүлүгүнө байланыштуу 906 факт катталган жана алар боюнча материалдык зыян дээрлик 35 млн. сомго жеткен. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG