Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Бишкекте Фарид Ниязовду бошотууну талап кылган митинг өтүп жатат


Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда президенттик аппаратты жетектеген Фарид Ниязовдун жакындары, партиялаштары Бишкектеги Максим Горький атындагы скверде митинг өткөрүп жатат.

Алар "Ниязов негизсиз камакта отурат" деп, сот адилеттигин талап кылууда.

Митингге чыккандар “Фарид Ниязовго эркиндик”, “соттор адилеттүү чечим чыгаргыла”, “Бийликтин келечеги адилеттүүлүктө” жана “Биз мыйзамсыздыкка каршыбыз” деп жазылган плакаттарды кармап турат.

Ниязовдун бир туугандары анын ден соолугу солгундап турганын, медициналык жардамга муктаж экенин белгиледи. Алар сот Ниязовду үй камагына чыгарса, чет жерге чыгып кетпей турганына кепилдикти өз моюнга аларын айтышты.

Митингге Кадыр Атамбаев, Раиса Атамбаева, Ирина Карамушкина келген.

Ушул жылдын 11-февралында Октябрь окуялары боюнча сот отуруму болуп, Фарид Ниязовдун абактагы мөөнөтү 18-апрелге чейин узартылган.

Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча кармалып, 2020-жылдын октябрындагы башаламандык учурунда бошонуп чыккан. Ошол эле жылы 9-10-октябрындагы окуялар үчүн кайра кармалган. Фарид Ниязов “Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүүгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинде дагы шектүү катары өтүп жатат.

Фарид Ниязов өзүнө карата кылмыш ишти “саясий басым” деп баалап келет.

2021-жылы 23-октябрда жылдык маалымат жыйынында президент Садыр Жапаров Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин билдирген.(KS)

XS
SM
MD
LG